Казакстандык тасма «Оскарга» сунушталды

Казакстандык тасма «Оскарга» сунушталды

Казакстандык «Бооруна тартуу» тасмасы «Оскарга» сунушталды. Фильм өлкөнүн атынан Оскар комитетинин эл аралык көркөм тасма номинациясында катышат. Бул тууралуу Маданият жана маалымат министрлиги билдирди. Белгилей кетсек, режиссер Асхат Кучинчирековдун толук метраждуу түрмөгүндө учурунда өзүнүн чоң энесинин колуна берген, кийин ата-энесине чоочун болуп калган баланын жан дүйнөсү тууралуу баяндалат. Тасманын бет ачары өткөн жылы Испанияда өткөн кинофестивалда болду. Ошондой эле ал өткөн жылы Азиянын «Оскары» деп эсептелген эл аралык «жаштардын мыкты картинасы» номинациясында жеңишке жетти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков