Борбор Азия мамлекеттеринде Кытай тасмалары көрсөтүлөт

Борбор Азия мамлекеттеринде Кытай тасмалары көрсөтүлөт

Медиа өнөктөштүктүн алкагында Кытайдын CMG каналы чыгарган тасмалар Борбор Азия өлкөлөрүнүн телеканалдарынан көрсөтүлөт. Астанада КЭРнын 10 тасмасынын бет ачары болду. Алар негизинен Кытайдын тарыхын жана азыркы заманбап көрүнүш чагылдырган даректүү тасмалар. Балдарга анимациялык чыгармалар да сунушталды. Кытай медиа корпорациясынын өнүмдөрү аймактагы өлкөлөрдүн расмий тилдерине которулуп, улуттук каналдарда көрсөтүлөт. Долбоор «Маданий байланыштар-2025» программасынын алкагында ишке ашырылууда.

Пинь Ван, Кытай медиа корпорациясы Евразиялык бюросунун мүдүрү:

- Мен кытай жараны катары бул тасмаларды көргөндө мекеним тууралуу жаңы маалыматтарды алдым. Ошондуктан Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген көрүүчүлөр үчүн кызыктуу болот деп ойлойм. Кытай элинин өткөнүн, бүгүнкүсүн жана келечегин чагылдырган тасмаларды алып келдик. Бул бири-бирибизди жакшыраак таанып-билүүгө жардам берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков