Казакстанда Ноорузнаманын жалпы улуттук декадасы өтүүдө. 10 күн бою – жалган куран айынын 14нөн 23 аралыгында өлкө тургундары Ноорузду белгилешет. Бул күндөрдүн ар бири казак маданиятынын жана коомунун байлыгын жана ар түрдүүлүгүн чагылдырган белгилүү бир тематикага жана баалуулуктарга арналат. Мисалы, декаданын биринчи күнү Амал күнү. Бул саламдашуу, жылуу жолугушуулар жана жакшы каалоо-тилектердин күнү болуп саналат. Андан кийин-15 менен 16сы өлкөдө кайрымдуулук күнү жана үй-бүлө күнү белгиленди. Бардык аймактарда массалык иш-чаралар өттү.
Тушоо кесүү каадасы Казакстандын рекорддор китебине кирди
Талдыкорган жана Жетису облустарында үй-бүлөлүк салттарга арналган тушоо кесүү жөрөлгөсү өткөрүлдү. Ал катышуучулардын саны боюнча казакстандык рекорддор китебине кирген иш-чарада отуз алты наристенин тушоосу кесилди. Тушоо кесүү – бул эми гана кадам баскан баланын жолу ачык, кадамы бекем болуусу үчүн жасалган салт.
Жалган куран айынын 17де Казакстанда маданият жана улуттук каада-салттар,
андан кийин улуттук кийим, жаңылануу, улуттук спорт, биримдик жана тилектештик
күндөрү, Нооруздун өзү - жаңы жыл жана тазалануу күнү белгиленет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

