Борбор калаада Республика күнүнө карата авто жүрүш өттү

Борбор калаада республика күнүнө карата автожүрүш өттү.  30 унаа тизилип, айдоочулар салт боюнча Астананын негизги көчөлөрүн аралап өтүштү. Катышуучулар майрамга карата темир тулпарларын өлкөнүн көк желектери менен кооздошту. Ошентип, автоунаа кербени 30 чакырым аралыкты басып өттү.  Катышуучулар майрамдык унаа кербени улуттук баалуулуктарды жана биримдикти бекемдөөгө умтулууну билдирип, патриоттуулуктун символу болгонун айтышат. Иш-чара мамлекеттик символдорду пропагандалоого коомчулуктун жана жаштардын көңүлүн бурду, деп белгилешет уюштуруучулар. Белгилей кетсек, мындай автожүрүш өлкөнүн бардык аймактарында өтөт.

Тастемир Акулан, Маданият жана маалымат министрлиги, жаштар жана үй-бүлө иштери комитетинин башкармалыгынын жетекчиси:

– Бүгүнкү авто жүрүштүн башкы максаты-шаар тургундарына жана конокторуна биздин майрам укмуштуудай деңгээлде белгиленип жатканын көрсөтүү.  Ошондуктан, унаалар жүрүшү менен гана чектелбестен, биздин мамлекеттик желегибизди көтөрүп, борбордун эң кооз жерлерин аралап өтүшөт. Биздин башкы максаттарыбыздын бири-мамлекеттик символдорду жалпы калк арасында жайылтуу.

Анатолий Бондарь, Астана шаары боюнча авто-мото спорт федерациясынын өкүлү:

– Бүгүн биз Казакстан Республикасынын күнүн белгилеп жатабыз. Өлкөнүн ар бир жашоочусун жана мейманын маанилүү майрамы менен куттуктайм. Бул акциялар маанайды көтөрүү жана калкка жагымдуу таасир калтыруу үчүн мүмкүн болушунча массалык түрдө жүргүзүлүшү керек. Бүгүн биз өлкөбүздүн желегин желбиретип жүрөбүз. Бул биздин сыймыктануубуздун жана урматтообуздун белгиси.

Которгон: Илгиз Жамалбеков