Жаш ырчы Давид Чарлин Казакстандын атынан Балдар Евровидениеси сынагына катышат. Өнөрпоз өлкөнүн намысын коргоо үчүн Армениянын борборуна аттанды. Бул жолу искусство сынагына Казакстандан тышкары Европанын 15 өлкөсүнөн мыкты ырчылар катышат. Кененирээк кийинки сюжетте.
Казакстан быйыл бешинчи жолу Junior Eurovision сынагына катышат. Буга чейинки жылдары казактын вокалдык өнөрүн Данелия Толешова, Ержан Максым, Каракат Башанова, Бекнур Жанибек уулу жана Алинур Хамзин казак таанытып келишкен. Быйылкы мелдеште өлкөнүн намысын 12 жаштагы Давид Чарлин коргойт. Бул өспүрүмдү өнөр адистери Бактылуу бала - 2022 эл аралык сынагында тандашкан.
Давид Чарлин, «BAQYTTY BALA-2022» эл аралык сынагынын катышуучусу:
Сынакта Жер-Эне ырын аткарам. Бул мен үчүн чоң жоопкерчилик. Ырдын мааниси терең. Башка балдар негизинен жеңил жана шайыр ырларды даярдашыптыр. Казакстандын атын чыгаруу үчүн бардык күчүмдү жумшайм. Мага добуш берип, колдоо көрсөтсөңүздөр, жеңишке чоң мүмкүнчүлүгүм бар.
Продюсерлердин айтымында, Давиддин даярдыгы мыкты. Сынакка катышуу үчүн ал армян тилин үйрөнгөн, ошондой эле казак тилин жакшы билет. Анын командасында республиканын мыкты адистери иштешет.
Жан Муканов, продюсер:
Ал абдан жакшы даярданып жатат. Анын үнү да күчтүү. Давидди жеңүүчү болот деп айта алабызбы? Албетте, мен ошол үчүн гана бара жатам.
Көрүүчүлөр Junior Eurovision-2022 ыр сынагын бештин айынын 11де саат 21:00дө түз эфирден көрүп, казакстандык өнөрпозго күйөрмандык кыла алышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков