«Астана Опера» театрында
түбөлүк сүйүүнү даңазалаган «Уйкудагы бийкеч» балети сахналаштырылды. Дүйнөлүк
классиканын эң жаркын берметинин премьерасын жергиликтүү искусство сүйүүчүлөр
чыдамсыздык менен күтүшкөн. Спектакль балет труппасынын көркөм жетекчиси
Алтынай Асылмуратованын азыркы заманбап хореографиялык редакциясында
сунушталды. Балетмейстердин айтымында, дүйнөгө белгилүү чыгарма жаңыча
өзгөртүлгөнү менен улуу балет мурасынын мааниси мурдагы калыбында сакталган.
Көрүүчүлөрдү аты аңызга айланган сценограф - Эцио Фриджерионун уникалдуу
эскиздери боюнча жасалган кооз костюмдар жана сахнаны жасалгалаган көркөм
декорациялар таң калтырды. Италиялык сүрөтчү Якопо Пантанинин жарык партитурасы
сахнада болуп жаткан окуяларга өзгөчө кинематографиялык көрк берип, ар бир
актыны көркөм өнөр чыгармасына айлантты. Спектаклде ханбийке Аврора менен
ханзаада Дезиренин партиясын борбор калаалык театрдын жетектөөчү солисттери
Мадина Өнербаева менен Бактияр Адамжан аткарышты.
Алтынай Асылмуратова, «Астана
Опера» театры белат труппасынын көркөм жетекчиси:
- Искусство - бул адам театрга келгенде кандайдыр бир эмоцияларды бериши
керек, адамдар өзгөчө дүйнө көргүсү келет. Биринчи кезекте - бул сулуулук.
Спектакль абдан мыкты болуп, костюмдар кооз жасалгаланган. Петр Ильич
Чайковскийдин өтө татаал жана керемет музыкасына коюлган сюжет жакшылык менен
жамандыктын күрөшү тууралуу баяндайт. Аягында жакшылык жеңет. Театрга келген
адамдар ушундай жагымдуу, жылуу эмоцияларды өзү менен бирге алып кетиши керек
деп ойлойм.
Бактияр Адамжан, «Астана
Опера» театрынын алдыңкы солисти:
- Бул премьерага мен өз башым 2 жумадан аз убакыт даярдандым. Балетке мен башында чыкпашым керек болчу. Негизи чет өлкөдө өзүмдүн спектаклдерим болгон, анын бардыгын четке кагып, ушул театрдагы өзгөрүүлөр үчүн бийлөөгө туура келди. Бирок бир жагынан бул мени абдан кубандырат, себеби мен үчүн бул жаңы бир белес. Өзүмдү жаңы жагынан ачуу, ага бере турган мүмкүнчүлүк. Таза классикалык балетти бийлөө албетте көп даярдыкты талап кылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

