Казакстандык тасма Индияда өткөн кинофестивалда сыйлыкка ээ болду

Казакстандык тасма Индияда өткөн кинофестивалда сыйлыкка ээ болду

Калькутте шаарында өткөн Индиянын «Алтын Арстан» кинофестивалында казакстандык тасма дароо эки сыйлыкка ээ болду. «Чатырдын жарандары» эмгеги мыкты эл аралык толук метраждуу тасма деп табылып, Best Debut Filmmaker of Feature Film категориясында жеңишке жеткен. Тасманын режиссеру Гүлшат Смагулова. Бул анын дебюттук тасмасы. Маданият жана маалымат министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өткөн жылдын бештин айында кино тасма Нью-Йоркто өткөн беделдүү Oniros Film Awards  сынагынын чейрек финалчысы болуп тандалган. Белгилей кетсек, «Чатырдын жарандары» тасмасы эки өзгөчө адамдын - Дамир аттуу жигиттин жана өспүрүм Костянын достугун чагылдырат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков