Астанада өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр
оюндарына катышкан чет элдиктер Казакстандын улуттук тамактарынын ичинен
бешөөнү бөлүп карашкан.
Ата мекендик туроператорлордун сурамжылоосуна ылайык, конокторго оюн-зоок
мелдештеринен жана туристтик жайлардан тышкары казак эти, боорсоктор, кымыз, курут жана шубат сунушталган. Алар көчмөн
маданиятынын элементтери менен ата-бабалардын салтын айкалыштырган улуттук ашкана
өзгөчө таасир калтырганын белгилешти.
Айжан Жолдасбекова, туризм жана
спорт министрлиги комитетинин расмий өкүлү:
- Биздин
улуттук тамактар меймандостукту көрсөтөт. Чет элдик коноктор аны жогору
баалашты. Бул гастрономиялык туризм аркылуу өлкөбүзгө болгон кызыгуубузду
арттырууга жардам берет.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков