Борбордук Азия илимпоздору ислам цивилизациясынын өнүгүүсүн бирге изилдейт

Чыгыш таануучулар Борбор Азиядагы ислам цивилизациясынын өнүгүү тарыхын биргелешип изилдөөгө ниеттенүүдө. Мындай көп тараптуу кызматташтык Өзбекстандагы Ислам цивилизациясынын маданий-илимий борборунда ишке ашырылат. Ташкентте 7 жыл мурун курулушу башталган ири объектти жыл аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда. Куполунун бийиктиги 64 метр жана аянты 60 миң чарчы метр болгон башкы имарат 10 экспозициялык залынан турат. Борбордо музей, академия, китепкана жайгашкан. Башкача айтканда, алардын фондусуна топтолгон миңдеген экспонаттар, сейрек кездешүүчү китептер, байыркы кол жазмалар чыгыш окумуштууларын бириктирет.

Фирдас Абдухаликов, Ислам цивилизациясы борборунун мудүрү:

- Биз үчүн бул багытта кызматташууну түзүү маанилүү. Бул борбор өз ара кызматташуунун аянтчасы болот. Борбордун экинчи кабатына атайын кеңселерди курабыз. Биринчиден, аларды биз эзелтен бери дос болуп келе жаткан Борбордук Азиянын кадырлуу мамлекеттеринин окумуштууларына акысыз түрдө сунуштайбыз. Башкача айтканда, биз бул жерде биргелешкен долбоорлорду жасайбыз. Бул биздин жалпы аянтчабыз. Андыктан сиздерди улуу тарыхыбызды изилдөөдө талыкпай иштөөгө чакырабыз.

Маулен Садыкбеков, «Азирети Султан» улуттук тарыхый-маданий музей-фондусунун мудүрү:

- Биз маданияттарыбыз бири-бирине аралашкан коңшу өлкөбүз. Көп жылдар бою өлкөбүз тарыхый мезгилдерди бирге басып өттү. Өнөктөштүк милдеттүү түрдө болот. Азыр Азирети Султандын музейи менен бул борбордун ортосунда меморандумга кол коюу маселеси каралууда. Кол коюлгандан кийин тыгыз иштешебиз деп ишенем.

Тарыхы терең Самарканд шаарына жакын жерде Ислам дүйнөсүнүн улуу инсандарынын бири Имам Аль Бухаринин мүрзөсү бар. 1998-жылы окумуштуунун ордуна күмбөз курулган. Азыр ал толугу менен жаңыланып жатат. Келерки жылы бул аянт чоң мемориалдык комплекске айланат. Мында бир гана музей эмес, мусулмандардын борбору, академия жана чоң китепкана орун алат. Саякатчылар үчүн ар кандай заманбап инфраструктуралык объектилер курулат. Комплекстин негизги архитектуралык структурасы 9 миң адам бир убакта намаз окуй турган чоң мечит болот. Жалпысынан бул ыйык жер жылына 5 миллионго чейин адамды кабыл алат деп күтүлүүдө.

Юсуф Абдуллаев, Самарканд технологиялык университетинин ректору:

- Бул уникалдуу аянтча 48 миң чарчы метрди камтыйт. Анын 4 миң чарчы метр аянты жапжашыл бакчалар жана гүлзарлар менен капталган. Мунун архитектурасы чындап эле уникалдуу. Имаратты курууда жогорку сапаттагы материалдар гана колдонулат. Комплекс азыркы кездеги эл аралык илимий борборго айланат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков