Омскиде сүрөтчү Амангелди Шакеновдун көргөзмөсү ачылды

Орусиянын Омск шаарында сүрөтчү Амангелди Шакеновдун көргөзмөсү ачылды. «Эрмитаж-Сибирь» борборунда жайгашкан көргөзмөдө кылкалем чеберинин эң алгачкы «Жайлоо» аттуу биринчи дипломдук ишинен баштап, өмүрүнүн соңунда жазылган «Бата» чыгармасын кошо алганда 50гө жакын көркөм жана графикалык чыгармалары көпчүлүктүн назарына сунушталды. Мындан тышкары, «Либеров борбору» музейинде сакталган сүрөттөр менен үй-бүлөнүн коллекциясынан бир нече сүрөттөр да коюлду. «Амангелди Шакеновдун чыгармачылыгы Казакстандын жана Орусиянын заманбап өнөрүнүн өнүгүшүнө чоң салым кошту», - дешет уюштуруучулар. Сүрөтчү Орусияда жашаса да, чыгармаларында мекенин, анын каада-салтын, жаратылышын кагаз бетине тарткан.

Аскар Раисов, Омск тургуну:

– Эмгегине, ата журтуна болгон сүйүүсүн айта турган болсок, кесиптештери аны эки өлкөнүн маданиятын бириктирүүчү көпүрө катары баалаган. Буга сүрөтчүнүн эмгектери далил. Ал Казакстандын кең талааларын, тоолорун, искусствосун таасирдүү, реалдуу чагылдыра алган өз ишинин чыныгы чебери болгон.

Торгын Ашенова, «Омск казактары» журналынын башкы редактору:

 Быйыл үч мыкты көркөм сүрөт факультетинин студенттерине Шакенов атындагы стипендия тапшырылды. Бул чоң иш-чара деп эсептейбиз. Анткени, ал Амангелди Абдрахман уулунун эстелиги болуп калат. Омск шаарына келсең эстеликти көрөсүң, эми Шакенов атындагы стипендия да чоң эстелик болуп калмакчы.

Которгон: Илгиз Жамалбеков