Казакстандык сүрөтчү Гулнур Мукажанованын жеке көргөзмөсү

Казакстандык сүрөтчү Гулнур Мукажанованын жеке көргөзмөсү

Алматыда казакстандык жаш сүрөтчү Гүлнур Мукажанованын жеке көргөзмөсү ачылды. Жалпысынан автор «Тынчтык мейкиндиги» деп аталган көргөзмөгө 14 эмгегин сунуштаган. Алардын катарында кийизден жасалган уникалдуу чыгарма «Пост-номаддык чындык» сүрөттөр коллекциясы да бар. Сүрөтчү көчмөндөрдүн салттуу килемдеринен шыктанган. Уюштуруучулардын айтымында, автор көргөзмөгө бир жылдан ашык убакыттан бери даярданган. Ошондой эле, эмгектерин атайын көргөзмө үчүн жасаган.

Меруерт Калиева, «Aspan Gallery» мүдүрү:

- «Пост-номаддык чындык» деп аталган кийизден жасалган картиналар сериясын сунуштап жатабыз. Ал эми экинчи чыгармалар сериясы - бул сүрөттөр, видеотасмалар жана дүйнөлүк коомчулук. «Пост-номаддык чындык» коллекциясындагы чыгармалырында меринос жүнү менен жибек аралаштырылган. Бардык чыгармаларда колдонулган кийиздерди Гүлнур Берлиндеги өзүнүн чеберканасында даярдап чыгарган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков