Астанада композитор А. Затаевичтин эмгегине арналган дарс-концерт өттү

Астанада композитор А. Затаевичтин эмгегине арналган дарс-концерт өттү

«Улуттук музыка мурасы Александр Затаевичтин изилдөөлөрүндө». Астананын Улуттук музейинде ушул темада дарс-концерт уюштурулду. Маданий иш-чарада казактардын салттуу музыкасын сактап калууга салым кошкон поляк этнографынын чыгармачылыгы тааныштырылды. Композитор «казактын 1000 ыры», «казактын 500 ыры жана күйү» аттуу уникалдуу изилдөө иштери аркылуу казак искусствосунун мурасын муундан муунга өткөрүп келген. Дүйнөгө таанытты. Уюштуруучулар Александр Затаевичтин ар бир ырга жеке анализи, эл композиторлорунун жана аткаруучуларынын чыгармачылыгына мүнөздөмөсү азырынча өз баасын жогото электигин айтышат. Ошондуктан мындай иш-чаралар Казак улуттук өнөрүн жана этнографтын эмгегин жайылтууда зор мааниге ээ.

Михал Лабенда, Польшанын казакстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү:

- Затаевичтин эмгектери жөнүндө сөз кыла турган болсок, ал жөн гана изилдөө жүргүзгөн эмес, ал поляктар менен казактардын ортосундагы көпүрө болгон.

Телман Нүркенов, К. Байсейитова атындагы казак улуттук өнөр университетинин окутуучусу:

- Затаевичтин эмгеги кайрадан окумуштуулар, аткаруучулар менен толукталууда. Жалпы билим берүү мекемелери, аткаруучулар үчүн Александр Затаевичтин эмгеги алгач нотага түшүрүлүп,  жыйналган эмгек катары баалуу бааланат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков