MNU 30 жылдык мааракесин белгиледи

Казакстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири 30 жылдык мааракесин белгиледи. Бул өзгөчө датага карата Maqsut Narikbayev University  масштабдуу иш-чараларды уюштурду. 4 жогорку мектеп мыкты куттуктоо боюнча өз ара жарышты. Студенттер менен бүтүрүүчүлөрдөн сырткары, өз алдынча команда түзгөн окутуучулар курамы да күч сынашты. Жалпысынан сынакка 600дөн ашык адам катышты. Студенттердин айтымында, мындай иш-чарага катышуу чоң сыймык. Белгилей кетсек, жеңүүчүлөргө кубок менен бирге 5 миллион теңге өлчөмүндөгү сыйлык ыйгарылды. Бүгүнкү күндө сынак түрүндө өткөрүлгөн майрамдык иш-чаралар окуу жайдын салтына айланган. Университет жетекчилиги бул ыкма студенттер арасында ар тараптуу ой жүгүртүүсүн жана атаандаштыкка жөндөмдүү сапаттарды өстүрүүгө шарт түзөрүн айтат.

Алина Биргалиева, Maqsut Narikbayev University студенти:

- Бул иш-чарага биз 1,5-2 ай даярдандык. Дээрлик күн сайын машыгуу жайыбызга чогулуп, даярдык көрдүк. Бул кубокту утуу үчүн талыкпай эмгектендик. Командабызда 100гө жакын адам бар. Бул таң калаарлык шоу жасоо үчүн жеткиликтүү деп эсептейм.

Арман Пирзадаев,  MNU башкарма төрагасынын орун басары:

- Университетибиз ар кандай ийгиликтерге жетишип жатат. Европанын аккредитациялык агенттиктеринен өтүп, жакында Улуу Британияда QAA аккредитациясынан өттүк. Бул дегенебиз университетибиздин бүтүрүүчүлөргө берген дипломдун ушул дүйнөлүк деңгээлде таанылышын билдирет. Кошумчалай кетсек, бүтүрүүчүлөрүбүз дүйнөлүк деңгээлдеги кесипкөй адис катары таанылууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков