Жаңы жылда суу тармагындагы 100дөн ашык ата мекендик
адистер Кытайдагы атайын семинарларда квалификациясын жогорулатышат. Мындай
макулдашууга тараптар Астанада өткөн жолугушууда жетишишти. Буга кошумча, тармактык
мекемеден белгилешкендей, ушул сыяктуу эки жумалык курстар квартал сайын
өткөрүлүп турат. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө суу чөйрөсүндө эл аралык
кызматташтыкты кеңейтүүгө жана тажрыйба алмашууга чоң маани берилүүдө. Быйыл
500дөн ашуун адистер атайын борборлорго караштуу курстардан өтүштү.
Нурдан Нуржигитов,
Суу ресурстары жана ирригация министри:
- Кийинки жылы чын куран
айынан баштап 4 адамдан турган 25 топ 2 жумалык квалификацияны жогорулатуу
курсунан өтүшөт. Биз сиздер тараптан расмий жооп алдык. Эми адистерибиз иштөө
үчүн ушундай пландарыбыз бар.
Жолугушууда «Power China» компаниясынын Казакстандагы суу
сактагычтарды курууга жана жаңылоого катышуусу талкууланды. Кытай тарап жаңы
суу инфраструктурасын түзүүгө жана инвестиция салууга даяр экенин билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

