Борбордук Азия өлкөлөрү жаштардын экологиялык билимин жогорулатууну көздөйт. Бул үчүн аймактын окуу жайларына эко-сабактарды киргизүү пландалууда. Буга «Жашыл мектеп» платформасын ишке киргизүү алгачкы кадам болот. Казакстандын демилгесин Астанада чын куран айында өтүүчү аймактык экологиялык саммитте бекитүү мерчемделип жатат. Программаны даярдоо борбор калаада Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тиешелүү министрликтеринин, эл аралык уюмдардын жана серепчилердин катышуусунда талкууланды. Жолугушуунун катышуучуларынын пикиринде, табиятка болгон жоопкерчиликтүү мамилени мектептер аркылуу калыптандырууга болот.
Ерлан Нысанбаев,
Экология жана жаратылыш ресурстары министри:
- Мындай түшүнүк
ар бир жаштын башына сиңиши керек, анткени бул адамдар эртең экономиканын жана
өндүрүштүн ар кандай тармактарына барышат. Бул бүгүн биз айтып жаткан мунай-газ
тармагы. Бул энергетика. Бүгүнкү күндө экономиканын жана өндүрүштүн ар кандай
тармактары эмиссияларды азайтуу максатында техникалык модернизацияны талап
кылат.
Рашед Мустафа,
ЮНИФЕСтин Казакстандагы өкүлү:
- Борбордук Азия
республикаларында 13 миллион жаштар жана
балдар климаттын өзгөрүшүнөн жабыркашы мүмкүн. Бул суунун жетишсиздиги,
булганган аба, кургак аба ырайы жана башкалар. Эгерде биз климаттын өзгөрүшү
жөнүндө билсек жана анын өзгөрүшүн кантип жайлатуу керектигин билсек, андан
кутулууга болот.
Белгилей кетсек,
Аймактык экологиялык саммит Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келген 1,5 миң расмий
делегатты бириктирет. Алар эң курч жана актуалдуу маселелерди, анын ичинде
Аралды калыбына келтирүү, Каспий деңизинин деңгээлин төмөндөтүү маселелерин
талкуулашат. Иш-чаранын ажырагыс бөлүгү болуп эл аралык жашыл технологиялар
көргөзмөсү саналат. Ага 20 миңден ашуун адам келип, 300 компаниянын катышуусу
күтүлүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

