Казакстандык стартап Кремний өрөөнүндөгү Hero Training акселерациялык программанын үчүнчү агымынын жыйынтыгы боюнча «Мыкты команда» наамын жеңип алды. Атамекендик долбоор 26 өлкөдөн жалпы 70 катышуучудан озуп, биринчи орунду ээледи. Астана хабынын маалыматы боюнча, «Beyim Tech» аттуу платформасы санариптик билим берүү тармагындагы эң мыкты инновациялык чечим деп табылды. Быйыл аталган программага катышуу үчүн Борбор Азия жана Азербайжан өлкөлөрүнөн 49 арыз келип түшкөн. Биринчи тандоо этабында 10 долбоор тандалып алынып, алар жыйынтыктоочу сынга жолдомо алышты. 5 апталык окуу жүрүшүндө жеңүүчүлөр үчүн квалификациялуу технологиялык насаатчылар, венчурдук инвесторлор жана серепчилер ар кандай воркшопторду өткөрдү. Ошентип, стартаптар өз өнүмдөрүн өркүндөтүп, чет элдик компаниялар менен кызматташып, америка рыногунда бир катар ийгиликтүү келишимдерди түзө алышты.
Танат Өскембаев, ASTANA HUB башкаруучу
мүдүрү:
- Ушул эки жылдын ичинде программага биздин аймактан 27 стартапты жөнөттүк. Бул стартаптар жалпысынан 2,7 миллион доллар инвестиция тартып, алгачкы керектөөчүлөрдү жана инвесторлорду тапты. Ошондой эле, бул долбоорлор «Silk Road Innovation Hub» алкагында активдүү колдоо алышат. Ал Кремний өрөөнүндөгү Пало-Алтодо жайгашкан. Башкача айтканда, алар АКШда бизнесин өнүктүрүп жаткан технологиялык ишкерлер ассоциациясынын колдоосуна ээ болушат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

