Казакстанда 2025-жылдын соңуна чейин залалдуу шишикке каршы дарыны каттоо мерчемделген

Казакстанда 2025-жылдын соңуна чейин залалдуу шишикке каршы дарыны каттоо мерчемделген

Жыл аягына чейин Казакстанда онкологиялык ооруларды дарылоого арналган  алгачкы атамекендик дарыны каттоо пландалууда. Клиникалык сыноолордун экинчи этабы азыр кызуу жүрүп жатат. Өткөн жылы биринчи деңгээлдеги өнүгүү текшерүүлөрү ийгиликтүү аяктады. Бул жолу изилдөө масштабы кеңейди. Тесттер рактын бардык түрлөрүн камтыйт. Илим жана жогорку билим берүү министри дары туруктуу натыйжаларды көрсөтүп жатканын белгиледи. Бейтаптардын көбүндө шишиктер үчтөн бирге азайган. Кээбиринде жада калса ремиссия да байкалган.  

Саясат Нурбек, Илим жана жогорку билим берүү министри: 

- Ушул жылдын аягына чейин биз бул дарыны каттоодон өткөрүп, рынокко чыгууну көздөп жатабыз. Жыйынтыгы абдан жакшы, туруктуу. Ушул жылдын аягына чейин биз аны чоң масштабда сунуштайбыз. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков