Казакстан үчүн суу стратегиялык ресурс. Ал туруктуу өнүгүү, экологиялык коопсуздук жана аймактагы туруктуулук менен түздөн-түз байланыштуу. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев БУУнун Башкы катчысынын Суу ресурстары боюнча атайын өкүлү Ретно Марсуди менен жолугушууда белгиледи. Мамлекет башчысы тармактагы эл аралык кызматташтыктын кыйла натыйжалуу архитектурасын калыптандыруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Буга байланыштуу мамлекет башчысы БУУнун алкагында Эл аралык суу уюмун түзүү боюнча көтөргөн демилгеси өлкөлөр арасындагы координациялоо механизмин кеңейтерин белгиледи. Алдыдагы күндөрү Астанада өтө турган Региондук экологиялык саммитте аталган түзүмдү калыптандыруу параметрлери жана келечеги деталдуу талкууланат деп пландалууда. Ошондой эле, быйыл бештин айында Абу-Дабиде өтө турган Суу ресурстары боюнча БУУнун конференциясы тармактагы көйгөйлөрдү чечүүнүн өз ара макулдашылган ыкмаларын иштеп чыгуучу аянтчанын ролун аткарары айтылды. Тараптар Борбор Азия аймагында суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу маселеси боюнча да пикир алмашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

