Казакстандын «Super Bol» долбоору эл аралык деңгээлге чыкты. Долбоордун уюштуруучулары Швейцариядагы УЕФАнын MIP Alumni Association бөлүмү менен өз ара кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Эки тарап тең Казакстанда балдар жана өспүрүмдөр арасында футболду өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшашат. Мындан тышкары футбол боюнча адистерди кайра даярдоо да пландалууда. Бул келишимдин аркасында казакстандык жаш футболчуларга эски континенттин алп футбол клубдары менен келишим түзүүгө жол ачылат. Эскерте кетсек, «Super bol» долбоору таланттуу жаш оюнчуларга кесипкөй футбол карьерасын баштоого мүмкүнчүлүк берүү максатында башталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков