Казакстан туризмди өнүктүрүү боюнча дүйнөнүн алдыңкы 50 мамлекетинин катарына кирүүгө ниеттенүүдө

Казакстан туризмди өнүктүрүү боюнча дүйнөнүн алдыңкы 50 мамлекетинин катарына кирүүгө ниеттенүүдө

Өлкө өкмөтүндө 2023-2029-жылдарга туризм тармагын өнүктүрүү концепциясынын планы каралды. Документ туристтик аймактардын инфраструктурасын модернизациялоого, тейлөө сапатын жогорулатууга, башкача айтканда, тармактын дараметин мүмкүн болушунча колдонууга жана аны эл аралык деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүү кылууга багытталган. Маселен, Балкаш, Капшагай, Алакөл, Баянауыл, Бурабайга баруучу жаңы жолдор салынып, инженердик желелер тартылат. Кошумча суудан куткаруу станцияларын түзүү, тармакты автоматташтыруу көздөлгөн. Жаңы аба каттамдары ачылып, мейманкана бизнеси сыяктуу кызматтарга суроо-талап күчөйт. Натыйжада 2030-жылга чейин ички туристтердин санын 11 миллионго, чет элдик саякатчылардын санын 4 миллионго жеткирүү пландалууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков