«Жаңы мен». Нур-Султан шаарында дал ушундай аталышта казакстандык жаш сүрөтчүлөр Самал Жарымбетова менен Индира Шугыбаеванын биргелешкен алгачкы көргөзмөсү ачылды. Аялдардын трансформациясы сыяктуу глобалдуу тема экспозициянын негизги темасына айланды. Кош кылкалем чебери бүгүнкү замандын кайнаган турмушу ички оюңду кагаз бетине түшүрүп, көркөм өнөр аркылуу коомго жеткирүүгө эч кандай тоскоол эмес экенин айтат.
Индира Шугыбаева, сүрөтчү:
- Өзүмдүн саналуу өмүрүмдү аталган алгачкы көргөзмөмдү түзүү үчүн жумшадым десем жаңылышпайм. Узак жылдар бою жыйнаган чыгармаларым негизинен аял затына арналган. Анда кичинекей кыздардан баштап чоң энелерге чейин камтылган. Аял дегенибиз тиричиликтин кайнаган булагы, өзгөчө күч ээси. Андан ар кандай сезимдерди табууга болот. Ал өзгөрүүлөргө тез көнөт. Мүдүрүлгөн сайын дароо кооз гүлгө айланып, түздөлүп кетет.
Самал Жарымбетова, сүрөтчү:
- Көргөзмө түйшүктүү дүйнөнүн назиктиги менен руханий байлыгын жана кичипейилдүүлүктү коомчулукка көрсөтүүгө багытталган. Бул жерде жалгыздык, тартылуу күчү жана түрдүү эмоциялар байланышкан. Булар көбүнчө терең ойго чөмүлүп, тең салмактуулук жөнүндө баяндалган чыгармалар.
Атайын көргөзмө жетинин айынын 22не чейин ачык болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков