Учуу коопсуздугу баарынан маанилүү. Европалык Комиссия мүчөлөрү өлкөнүн авиация тармагындагы жетишкендиктерине баа беришти. Эң алды менен чет элдик адистер республиканын авиация органдарынын учуу коопсуздугу жана аны көзөмөлдөө жаатындагы кемчиликтерди аныктоо боюнча уюштурулган ишин өзгөчө белгилешти. Серепчилердин баалоосу техникалык кадрларды тандоонун жана окутуунун актуалдуулугуна жана сапатты башкаруу тутумун киргизүү боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чараларга да тийиштүү болду. Ошондой эле, Европалык Комиссиянын Учуу коопсуздугу боюнча комитетинин адистери республиканын техникалык өнүгүүгө карата стратегиялык мамилесин баса белгилешти. Бул тууралуу Казакстандын авиациялык администрациясынын башчысы Питер Гриффитс билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө ата мекендик авиация маанилүү иш-чарага - ИКАОнун учуу коопсуздугун текшерүүдөн өтүүгө даярданууда. Ал 2022-жылга мерчемделген.
ПИТЕР ГРИФФИТС, «КАЗАКСТАНДЫН АВИАЦИЯЛЫК АДМИНИСТРАЦИЯСЫ» АО БАШКЫ МҮДҮРҮ:
- Ушул талаптардын сакталышы Казакстандык авиакомпанияларга эл аралык каттамдарды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. ИКАОнун талаптарына шайкештик пайызы канчалык жогору болсо, эл аралык каттамдарды жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөрү ошончолук көп болот. Казакстандын өкмөтү Американын Федералдык авиация агенттигинин талаптары боюнча сертификатынан өтүп, эл аралык каттамдар үчүн CAT-1 категориясын алуу үчүн биздин алдыбызга милдеттерди коёт.
Казакстан ИКАО стандарттарына жана сунуш кылынган тажрыйбаларга шайкештиктин деңгээлин 80% чейин ырастап, өркүндөтүшү керек. Маалыматка ылайык, азыр бул көрсөткүч 74% түзөт. Питер Гриффитстин айтымында, аудитке карата ар тараптуу даярдыктар башталды - техникалык персоналды тандоо жана окутуу, ошондой эле, IT инфраструктурасын түзүү боюнча иштер улантылууда. Мындан сырткары «Айрым мыйзам актыларына транспорт маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоору иштелип жатат.