Казакстандын президенти А. Сейтхановдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты

Казакстандын президенти А. Сейтхановдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты

Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев белгилүү казакстандык журналист Амангелди Сейтхановдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Амангелди Муатканович казакстандык спорт журналистикасынын өнүгүшүнө ченемсиз салым кошту. «Анын ысымы өлкөдө түбөлүккө сакталарына жана казак телевидениесинин тарыхына алтын тамгалар менен жазылып кала берерине ишенем», - деп айтылат президенттин көңүл айтуу телеграммасында.

Которгон: Илгиз Жамалбеков