Казакстанда
оруп-жыйноо өнөктүгү күч алды. Бүгүн бардык аймактарда оруп-жыйноо иштери
башталганын өкмөттүн жыйынында өлкөнүн айыл чарба министри билдирди. Ербол
Карашукеевдин айтымында, учурда өлкө боюнча жалпысынан 2 миллион 400 миң гектар
аянттан түшүм жыйналды. Негизинен дан жана буурчак өсүмдүктөрү. Жалпы түшүм
гектарына 11 жарым центнерден айланды. Натыйжада 2,8 миллион тонна дан чогулду.
Чындыгында быйылкы жылы 24 миллион гектар айдоо аянтынын 17 миллион гектардан
ашыгы дан эгиндерине таандык.
Ербол Карашукеев, айыл чарба министри:
Эгерде дан эгиндерин бөлүштүрүүдө коомдук мааниге ээ болгон дан эгиндерин ала турган болсок, буудай чабылган аянт 13,7 миллион гектарды түзөт. Алардын ичинен 1,5 миллион гектар дан эгиндери чабылды. Ар гектардан 11,8 центнерден түшүм алынып, 1,8 миң тонна дан бастырылды. 2,8 миллион гектар аянттан май өсүмдүктөр жыйналууга тийиш. Бүгүнкү күндө 34 миң гектар аянттын ар гектарынан 6,9 центнерден түшүм алынды. 188 миң гектар аянтчадан жыйналып жатат. Ар гектардан 208,9 центнерден түшүм алынып, 458 миң тонна жыйналды. Жашылча жыйналган аянт 164,8 миң гектарды түзөт.
Тармак жетекчиси быйылкы жылы өндүрүлгөн өнүм ички рынокту толугу менен камтып, ашыкчасын башка өлкөлөргө экспорттолот деп ишендирди. Жаан-чачын аз болгон быйылкы жай мезгилинде бир катар дыйкандар кургакчылыктын курмандыгы болгондугу белгилүү. Жаратылыштан жапа чеккен дыйкандар көз жаздымда калбайт. Алардын чыгымы акталып, субсидия алуу процесси тездетилет. Өкмөт башчы колдоо чаралары муну менен эле чектелбей турганын кошумчалады.
Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:
Маалым болгондой, жай айлары башка жылдарга салыштырмалуу ысык болду. Бир катар райондор кургакчылыктан жапа чекти. Аларда чогултулган өнүмдүн көлөмү азайып баратканы айтылууда. Кургакчылыктын кесепеттерин жоюу боюнча шашылыш чаралар көрүлдү. Каражат өкмөттүн резервинен бөлүнөт. “Байтерек” холдинги кургакчылыктан жапа чеккен дыйкандардын насыяларды төлөө мөөнөтүн узартуу жана аны реструктуризациялоо маселесин иштеп чыгышы керек. Жалпы абал көзөмөлдө. Жетиштүү өлчөмдөгү өнүм жыйналат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков