Казакстандык студенттер АКШда өткөн сынакта жеңишке жетишти

Казакстандык студенттер АКШда өткөн сынакта жеңишке жетишти

Казакстандык студенттер АКШда Филип С. Джессоп атындагы эл аралык укук боюнча сынакта эң жогорку жыйынтык көрсөтүштү. Вашингтондо Maqsut Narikbayev University командасы юридикалык меморандум даярдоо боюнча жазуу жүзүндөгү таймашта 1-орунду жана 100 өлкөдөн келген 800дөн ашык команданын арасында оозеки аткаруулардын жыйынтыгы боюнча 12-орунду ээледи. Алар Американын алдыңкы «Ivy League» университеттеринин, Колумбия, Филиппин жана Италиянын окуу жайларынын өкүлдөрүнөн алдыга чыгышты. Белгилей кетсек, мелдештерде катышуучулардын ортосунда БУУнун Эл аралык сотундагы сот процесстеринин айкалышы жүргүзүлөт.

Рахимбек Конлимкос, Maqsut Narikbayev University кураманын машыктыруучусу:

– Эки негизги этап бар. Биринчиси, 60 беттен турган 2 укуктук меморандум жазуу керек. Биздин университетте тиешелүү дисциплиналар бар, бирок ошол эле учурда биз алдыңкы чет элдик университеттердин тажрыйбасын изилдедик. Экинчиси, андан кийин өзүңдүн документиңди үч судьянын алдында коргоо керек болчу.

Шынар Байтон, Maqsut Narikbayev University студенти:

– Бардык өлкөлөрдөн келген катышуучулар, 800 команданын арасынан Казакстанды тааный башташты. Бизге келип: «Силер Казакстандансыңарбы? Силерди жакшы орун алганыңар менен куттуктайбыз!» – дешти. Биз өлкөбүз үчүн ушундай нерсе жасай алганыбызга, аны эл аралык аренада даңазалай алганыбызга абдан кубандык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков