Рельстер кесилишкен жердеги үндү азайтып, темир жолдун
бекемдигин арттыра турган инновация. Борбор калаалык мектеп окуучулары
Динмухаммед Матай менен Амир Жанибекке олимпиадага бара жатканда поезд
дөңгөлөктөрүнүн үнү уктаткан эмес. Ушул маселени чечүү максатында алар
биргелешип жаңы долбоор ойлоп табышты. Жаш ойлоп тапкычтар бул демилгенин
алкагында шум деңгээлин төмөндөтүп гана тим болбостон, темир жолдун эскиришин
кыйла азайта турган өзгөчө чечимге келишти.
Динмухаммед Матай, Долбоордун автору:
- Поезд дөңгөлөктөрүнүн үнү чыкпашы үчүн 2 рельстин ортосуна температуралык боштук калтыруу керек. Боштук кышында рельстердин кыскарышы, ал эми жайында алардын узарышы үчүн зарыл.
Амир Жанибек, Долбоордун автору:
- Дөңгөлөктөр рельске көтөрүлүп түшкөн учурда катуу сокку болот. Биздин оюбуз ошол температуралык жылчыкты калтырып, рельстин үзүндүсүн үзгүлтүксүз жасоо. Башкача айтканда, дөңгөлөктөр жылчыкка кирип, добуш чыгарбайт. Ошондой эле узак жана коопсуз кызмат кылат.
Темир жол тармагынын адистери бул инженердик жактан актуалдуу долбоор ишке ашуусу толук мүмкүн дешет. Мекендеш окуучулар сунуштап жаткан дөңгөлөктөрдүн арасындагы жылчыктар рельстерди аба ырайынын таасиринен улам эскирүүдөн сактайт. Өзгөчө чечимдин аркасында эми бардык рельстерди алмаштыруунун кажети жок. Болгону алардын арасына атайын байланыштыргыч бөлүк орнотуу зарыл. Мунун аркасында темир жол инфраструктурасынын коопсуздугу жана натыйжалуулугу артат, дешет адистер. Ошондой эле оңдоого кеткен чыгымды бир топ азайтууга өбөлгө түзөт. Бул максатта борбор калаалык окуучулар жыл бою ар кандай эсептөөлөрдү жүргүзүп, 3D-макеттерди жасашты. Улуттук ташуучу долбоорго кызыгуусун билдирүүдө.
Арнур Казыбеков, Долбоор жетекчиси:
- Башында бул жөн гана кезектеги олимпиаданын аймактык
долбооруна даярдык болчу. Казакстан темир жолунун жетекчилиги бизди жолугушууга
чакырды. Долбоорго толук талдоочулук колдоо көрсөтүүгө жана зарыл болгон учурда
улуттук компания биздин моделге ылайык ушундай рельсти жасоого даяр
экендиктерин билдиришти.
Инновациялык чечим Казакстанда төрт бирдей патент алды. Азыр Женевада эл аралык каттоодон өтүүгө даярданууда. Демек, жергиликтүү окуучулардын ойлоп табуусу өлкө менен катар эле эл аралык темир жол тармагынын өнүгүшүнө да салым кошот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

