Казакстандык окумуштуулар айыл чарба өнүмдөрүн сапатына зыян келтирбестен узак убакыт бою сактоого мүмкүндүк берген жаңы түзүлүш ойлоп табышты. Мисалы, фермердик өнүмдөрдү иштетүү үчүн «Dayar 20» мобилдик лио-филизациялык жабдыгы пайдаланылат. Ал төмөнкү басым менен тоңдурулган товарлардын суусун бууга айландырып, кургатууга мүмкүндүк берет. Аны колдонгондон кийин кургак өнүмдөрдү муздаткычка салбай эле бөлмө температурасында үч жыл бою сактоого мүмкүндүк берет. Бул учурда жашылчалар менен жемиштердин түсү, жыты, формасы гана эмес, курамындагы витаминдер да ошол калыбында сакталат.
Алмас Гаухар, Аль-Фараби атындагы куу коммерциялаштыру жана креативдүү индустрия борбордунун башчысы:
- Башкача айтканда, жашылча, айыл чарба өнүмдөрүн узак мөөнөткө сактоого мүмкүнчүлүгү бар түзүлүш. Ал эми атайын каптама менен 10 жылдан 50 жылга чейин сактоого мүмкүнчүлүгү бар. Жабдыктын башкы өзгөчөлүгү, башкача айтканда, ал алыста жайгашкан айылдарга барып, мобилдик түрдө ошол жерде жашылчаларды сактоого мүмкүнчүлүк түзөт.
Жабдыкты иштеп чыгуучулардын айтымында, бул өзгөчө өлкөнүн тоолуу жана алыскы райондорундагы чарбалар үчүн абдан зарыл. Ал фермерлер үчүн ишенимдүү жардамчы гана эмес, технологиялык секирик. Жабдык агроөнөр жай комплекси менен кайра иштетүүчү өнөр жайды жаңыртууга жол ачат. Анын үстүнө, окумуштуулар аталган ноу-хау азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга өз салымын кошоруна ишенишет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

