Абай күнүнө карата адабий челлендж Казакстанда өтүүдө

Абай күнүнө карата адабий челлендж Казакстанда өтүүдө

Улуу казак акыны Абай Кунанбай уулунун 180 жылдыгына арналган адабий челленджди мамлекеттик кеңешчи Ерлан Карин кабыл алды. Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына сүйүктүү китептеринин тизмесин жарыялады, алардын арасында Мухтар Ауэзовдун «Абай жолу», Абай Кунанбай уулунун «Кара сөздөр жыйнагы», Бауыржан Момыш уулунун «Согуш психологиясы» жана башкалар бар. Эскерте кетсек, челлендждин максаты - казакстандыктардын эң популярдуу чыгармаларын аныктоо. Алардын тизмеси баш оона айынын 10унда - Абай күнүндө белгилүү болот.


Ерлан Карин, Казакстандын мамлекеттик кеңешчиси:


- Андан ары бул адабий эстафетаны Мажилис төрагасы Ерлан Жаканович Кошановго, Жазуучулар союзунун төрагасы Мереке Кулкеновго, Улуттук музейдин мүдүрү Берик Абдигалиевичке жана белгилүү журналист, блогер Оркен Кенжебекке өткөрүп берем.

Которгон: Назира Бегалиева