Казакстандык окуучулар Сауд Арабиясында өткөн химия олимпиадасында мыкты аталды

Казакстандык студенттер Сауд Арабияда өткөн химия боюнча эл аралык турнирден байгелүү кайтышты. 56-Эл аралык химия олимпиадасына билим берүү сынагына катышкан 4 казакстандык 90 өлкөдөн келген билимдүү, таланттуу катышуучуларды жеңип, алдыңкы үчтүккө кирди.  Алсак, Адилжан Молдагул 3-орунду, Абылай Кабдулхадыр 2-орунга татыды. Ал эми Ринат Елеусизов менен Кирилл Ким алтын медаль тагынышты. Абылай менен Кирилл Астанадагы Назарбаев интеллектуалдык мектебинин физика-математика багытындагы окуучулары. Аларды Астана эл аралык аэропортунан классташтары тосуп алышты.

Кирилл Ким, INTERNATIONAL CHEMISTRY OLYMPIAD жеңүүчүсү:

– Даярдыгым план боюнча этап-этабы менен жүргүзүлдү. Мен үчүн машыгууда эң негизгиси анын темпи эмес, ырааттуулугу болду. Ошондуктан эч кандай маселе болгон жок. Болгону бир жерде отуруп даярдануу керек. Мен химияны бир күн да унуткан жокмун. Эң кеми дегенде бир саат убакыт бөлдүм.

Абылай Кабдулхадыр, INTERNATIONAL CHEMISTRY OLYMPIAD жеңүүчүсү:

– Олимпиада мен үчүн оор болду. Себеби, теориялык жана практикалык тапшырмалар ар башка экен. Ал тапшырмалар аткарыла турганын эч ким билчү эмес жана алар мурунку жылдардын тапшырмаларына окшош эмес.

Которгон: Илгиз Жамалбеков