Казакстандык спортчулардын урматына карата жаңы күү чыгарылды

Бул күү Парижде өткөн жайкы Олимпиада оюндарында өлкө намысын коргогон казакстандык спортчуларга арналды. Авторлору – Жанибек Казыбек уулу менен Бексултан Имашев. Карагандылык таланттуу жаштар «Намыс» деп аталган күүнү бир жума ичинде эле даярдашты. Күүнүн көшөгөсү Италиядагы Эл аралык фольклор фестивалында ачылды. Анда музыкалык мектеп-студиянын насаатчылары менен бирге ата мекендик музыканттар катышты. Белгилей кетсек, жаш музыканттар мындан бир жыл мурун «Sardar» аттуу дуэт түзүшкөн. Бүгүнкү күндө домбыраны кеңири жайылтып, балдарга күүлөрдү үйрөтүү менен алектенүүдө.


Жанибек Казыбек уулу, композитор:


- Бул олимпиаданы көрүп жатып бизге илхам келди. Эмнеге чыгарып көрүүго болбосун деген суроо келди? Биринчи себеп алтын алган Елдос Сметов болду. Андан соң ушул күү акырындап пайда боло баштады. Күүгө кандай ат коёлу деп ойлоно баштадык. Бийдин ыргагына, техникасына жараша «Намыс» деген ат туура келди деп ойлойм.


Которгон: Илгиз Жамалбеков