«Silk Way Star»: Астанада биринчи Эл аралык музыкалык сынак өтөт

«Silk Way Star»: Астанада биринчи Эл аралык музыкалык сынак өтөт

Астанада Борбор Азия тарыхында биринчи жолу «Silk Way Star» эл аралык музыкалык конкурсу старт алат. Шоу – Казакстандын Президентинин телерадиокомплекси менен Кытайдын CMG медиакорпорациясынын биргелешкен долбоору. Борбор шаарда 12 өлкөдөн келген аткаруучулар бир сахнада чогулат деп күтүлүүдө, алар: Азербайжан, Армения, Грузия, Малайзия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Монголия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Түштүк Корея. Тартуу иштери баш оона айынын 20сында башталат, ал эми гранд-финал жетинин айынын 22синде «Jibek Joly/Silk Way» телеканалынын жана конкурска катышкан өлкөлөрдүн алдыңкы каналдарынын түз эфиринде өтөт. Көрүүчүлөрдү уникалдуу дуэттер, улуттук хиттерди аткаруу, маданияттар аралык кызматташуулар күтөт. Калыстар тобу да таасирдүү, анын курамына белгилүү артисттер жана продюсерлер кирет. Телешоунун трансляциясы казак, кытай жана англис тилдеринде жүргүзүлөт. Жалпысынан, конкурс маданий байланыштарды чыңдоого жана дүйнөлүк музыка индустриясында жаңы ысымдарды ачууга багытталган.

Которгон: Назира Бегалиева