Искусство үчүн чек
жок. Астанада казак - француз заманбап хореографиясы жана музыкасы айкалышты.
Биргелешкен спектаклди IP Theater инструменталдык жамааты менен казак улуттук
хореография академиясынын эксперименталдык сахналаштыруу тобу ачты. Жергиликтүү
декорациялар Лувр фондундагы белгилүү француз сүрөтчүсү Теодор Жериконун «Медуза
сүзгүч» аттуу картинасынын маанисин бий тили жана улуттук аспаптардын үнү менен
жеткирди.
Атамекендик «JOLDA»
заманбап бий театры жана белгилүү француз электрондук музыка чебери Judah
Warsky жергиликтүү искусство коомчулугуна «Oina-Jouer» аттуу биргелешкен перформанс
сунуштады. Спектаклдин максаты - эркиндикке негизделген мамилеге чакыруу.
Жанна Төленди, JOLDA заманбап
бий театрынын жетекчиси/Казакстан:
- Ар бирибиз өзүбүздүн
өлкөлөрдөн Zoom аркылуу онлайн байланыштык. Биз аралыктан иштесек да
бири-бирибизди жакшы түшүнчүбүз. Француз композиторунун музыкасы менен биздин
режиссёрлордун идеялары бир жерден чыкты. Жалпы ишибизди байланыштырыш үчүн чет
элдик композицияга улуттук аспабыбыз – шаңкобыздун үнүн да коштук. Бул өзгөчө
кызматташтыктын жыйынтыгы баарыбызды кубандырды.
Judah Warsky,
Музыкант /Франция/:
- Негизги максатыбыз –
кең талаа пейзажын музыканын тили аркылуу жеткирүү. Ар бир өлкөнүн тарыхын анын
улуттук аспаптары аркылуу таанышам. Ошондуктан спектаклде шаңкобыздын үнүн
көбүрөөк колдонууга аракет кылдык. Бул идеябыз ийгиликтүү ишке ашты. Бул
жергиликтүү аспап, менин чыгармачылыгым жана алматылык бий жамааты талаа үнүн,
жалпы достукта чек жоктугун көрүүчүлөргө жеткире алды деп ойлойм.
Эки өлкөнүн искусство
топторунун башын кошкон музыкалык иш-чара Астанадагы Француз альянсынын 20
жылдыгына карата уюштурулду. Ага үн кошкон ата мекендик чыгармачыл топтор ушул
жылдын теке айында Францияда өтө турган Avignon Festival Off Европадагы эң ири
театр фестивалына, фестивалына чакыруу алышты. Быйыл ага казакстандык 60ка
жакын өнөрпоздор катышат.
Алекс Бортолан, Казакстандагы Франция элчисинин
маданият жана кызматташтык боюнча кеңешчиси:
- Бул Казакстан менен Франциянын ортосундагы маданий
байланыштар күч алып жатканынын ачык белгиси. Эскерте кетсем, өткөн жылдын жетинин
айында Президент Касым-Жомарт Кемел уулу Токаевдин Францияга болгон мамлекеттик
сапарынын алкагында маданият тармагына байланыштуу бир катар келишимдерге кол
коюлган. Башкача айтканда, бул багытта акыркы жылдары эки тараптуу кызматташтык
чөйрөсү жогорку деңгээлде өнүгүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

