JOLDA заманбап бий театры Францияда өтүп жаткан дүйнөдөгү эң ири Авиньон-OFF фестивалында Казакстанды көрсөтүүдө. Жамаат европалык көрүүчүлөрдүн сынына «Tamyr» аттуу автордук спектаклди алып чыгат. Эл аралык фестивалдын өкүлдөрү Казакстанга өздөрү келип, көз карандысыз театрлардын арасынан тандоо жүргүзүп, жыйынтыгында дал ушул ишти тандап алышкан. Спектаклдин негизинде муундардын уланмалуулугу темасы бий тили жана жандуу вокалдык коштоо аркылуу чагылдырылган. Музыкалык бөлүгү жана хордук партиясы «бата» - насааттарга жана баталарга негизделген. Белгилей кетсек, JOLDA театры 2020-жылы бий лабораториясы катары негизделген жана уникалдуу хореографияны, обондуу музыканы жана перформанс элементтерин бириктирген эркин сахналык мейкиндикти билдирет.
Жанна Туленды, JOLDA DANCE театрынын жетектөөчүсү:
- Бул сапар мен үчүн, биринчи кезекте, француз көрүүчүлөрүнө өз тарыхыбызды айта алабызбы жана ошол эле учурда бириктирүүчү жиптерди сезе алабызбы деген суроого жооп издөө. Анткени биздин перформанста козгогон нерселер бар, анын тили да, улуту да жок. Бул түбөлүктүү темалар. Биз көтөргөн суроолор менен француз көрүүчүлөрү менен бөлүшүп, алардын да пикирин угуп, бир диалог түзүүнү каалайбыз.
Гульсая Тауирханова, JOLDA DANCE театрынын артисти:
- Мен үчүн JOLDA бий театры – бул жаңы дем, кыймыл. Аты айтып тургандай, биз ар дайым изденүүдөбүз, жолдобуз жана мага театр абдан жагат. Мен бир аз толкунданып жатам, анткени биз Казакстандын атынан чыгып жатабыз. Ошондуктан бул чоң жоопкерчиликти талап кылат, бирок мен баары биздин колубуздан келет деп ишенем, биз жасай алабыз.
Которгон: Назира Бегалиева

