Казакстан киносунун күндөрү

Казакстан киносунун күндөрү

Казак маданияты - дүйнө таанымынын заманбап келбети. Мунун баары Тбилисидеги казак киносунун күндөрүндө көрсөтүлүүдө. Программада ата мекендик жаш жана келечектүү режиссёрлордун үч көркөм тасмасы бар. Биринчи көрсөтүүдө көрүүчүлөргө «От» комедиясы тартууланды. Тасма карызга батып, үй-бүлөлүк көйгөйлөрүн чече албаган адам тууралуу баяндайт. Негизги максаты – тагдырга карабай жашоого болгон сүйүүсүн жоготпоо.

Даниэль Адикашвили, көрүүчү:

Тасманы көргөндөн кийин эң биринчи ойлогонум күнүмдүк жашоом болду. Мен окшош жерин издедим. Нандын баркын, анын чыныгы маанисин, жашообузда кандай роль ойноорун түшүнгөндөй болдум.

Адай Абелдинов, Казак улуттук кинематографиясын колдоо борборунун башкы продюсери:

Грузия биздин тасмаларыбыз көрсөтүлгөн онунчу өлкө. Баарына жагып, жылуу каалоо-тилектерин айтып жатышат. Мындан тышкары казак киносу менен таанышкан чет элдик продюсерлер да чоң кызыгуу көрсөтүштү. Учурда чет элдик өндүрүшчүлөр менен кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Грузия дагы маданий чөйрөдө биргелешкен долбоорлорго кызыкдар. Эки тарап кино өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча эки тараптуу меморандумду бекитет.
Которго: Илгиз Жамалбеков