Казакстандык серепчилер ядролук энергетика коопсуздугу маселелерин талкуулады

Казакстандык серепчилер ядролук энергетика коопсуздугу маселелерин талкуулады

Казакстандык окумуштуулар өзөктүк энергетика багытындагы курулуш материалдарын изилдеп жатышат. Ата мекендик изилдөөчүлөр заманбап коргошун, бетон сыяктуу оор металлдардан жасала турган каптоону жөнөкөйлөтүүнү көздөп жатышат. Эң негизгиси радиациядан коргонуунун жаңы ыкмаларын киргизүү. Буга альтернатива полимер же карапа болушу мүмкүн дешет адистер. Президенттин иш башкармалыгында өткөн жыйында серепчилер тынчтык багыттагы атомду колдонуунун ушул жана башка мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Малик Калиекперов, ядролук физика институтунун илимий кызматкери:

- Тынчтык жолу менен колдонулган атом менен аскердик максатта колдонулган атомду айырмалай билүү керек. Экөө эки башка. Тынчтык атому элдин жыргалчылыгы үчүн иштейт. Учурда медицинада колдонулуп келет. Өндүрүш кубаттуулугун жогорулатуу үчүн бизге жаңы электр генерациялары керек. Ошондуктан АЭС электр энергиясынын дээрлик альтернативасыз булагы болуп саналат.

Эскерте кетсек, Казакстан элине кайрылуусунда мамлекет башчы АЭСти куруу боюнча жалпы улуттук референдум өткөрүү тууралуу айткан. Жалпы кеңешменин жүрүшүндө серепчилер кайрылууда коюлган милдеттерди ар тараптуу талдап, талкуулашты.

Алмас Канатов, Парламентризм институтунун аткаруучу мүдүрү:

- Бул 2023-жылдагы кайрылуу менен түздөн-түз байланыштуу. Себеби экономикалык өнүгүүнүн көрсөткүчтөрү жана дарамети, инфраструктура жана укуктук маселе кеңири жайылды. Быйылкы жылга каралган жалпы улуттук планга ылайык, аны калкка түшүндүрүү үчүн 12 багыт тандалды. Жалпысынан 78 иш-чаранын 67си Өкмөт тарабынан аткарууга багытталган. Бул биринчи кезекте социалдык, саламаттыкты сактоо, акча-насыя саясатындагы оң өзгөрүүлөргө тиешелүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков