Казакстанда дрон өндүрүшү ишке кошулат

Казакстанда дрон өндүрүшү ишке кошулат

Казакстанда дрондор өндүрүлөт. Кытай компаниясы өлкөдө учкучсуз учуучу аппараттарды чыгарууну көздөп жатат. Астанада жаңы өндүрүштүк борбордун ишмердүүлүгү тааныштырылды. Долбоордун наркы болжол менен 12 миллион долларды түзөт. Быйыл заводдун курулушу башталат. Ал эми келерки жылдан баштап өндүрүштүн толук цикли жолго коюлат деп күтүлүүдө. 50 миң чарчы метр аянтка дрондорду чогултуу менен катар жылыткыч цехи, учуучу аппараттарды сактоо жана сыноо аянтчалары, ошондой эле инновациялык технологиялар илимий-изилдөө борбору жайгаштырылат. Башкача айтканда, бул багытта изилдөөлөр жүргүзүлүп, тармактын атамекендик адистеринин тажрыйбасы өркүндөтүлүп жатат. Жалпысынан, Кытай компаниясы жогорку технологиялуу дрондордун 50гө жакын түрүн чыгарат. Бул продукция ички рыноктун суроо-талабын канааттандыруу менен катар Борбордук Азия өлкөлөрүнө экспорттолот.

Алиби Даулет, «KAZAKH INVEST» УК  долбоордук менеджер:

- Биздин өлкө үчүн дрон өндүрүү тармагын өнүктүрүү – эң маанилүү стратегиялык милдеттердин бири. Анткени, бул дрондор өлкөнүн айыл чарбасында, экология тармагында, өзгөчө кырдаалдарда колдонулат. Мисалы, токой өрттөрүн, абанын жана суунун булганышын байкап, суунун деңгээлин көзөмөлдөйт. Ошондой эле, тез жардам кызматтарына кооптуу аймактарды аныктоого, эвакуация иштерин координациялоого жана керектүү шаймандар менен камсыз кылууга жардам берет.

Чу Чи, Казакстандагы дрондор өндүрүшү компаниясынын мүдүрү:

- Бүгүнкү күндө бул дрондор Кытайдын Шинжаң аймагында жакшы өнүккөн. Компания аларды 2015-жылдан бери жасап келет. Бул айыл чарба аймагынын климаты Казакстандыкына окшош. Ошондуктан, алар жергиликтүү дыйканчылыкты жакшыртуу үчүн колдонулушу мүмкүн. Биз бул жерде базарды изилдедик. Суроо-талап жогору болот деп ишенебиз. Компания Кытайда чыгарган дрондордун учурдагы түрлөрүн эми Казакстанда да өндурүүгө ниеттенүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков