Жетинин айынын 6да Вашингтондо «C5+1» саммити өтөт. Анда Борбор Азия бештиги - Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын лидерлери АКШ президенти менен жолугушуп, бир катар актуалдуу маселелерди карашат. Жыйындын жүрүшүндө транспорттук логистика, энергетика, өнөр жай, санариптештирүү тармактарындагы көп тараптуу кызматташтыктын алкагы талкууланмакчы. Жалпысынан, «C5+1» форматы аймактык кызыкчылыктарды алдыга жылдыруучу аянтча болуп саналат. Талдоочулардын пикиринде, масштабдуу иш-чара Евразиянын жаңы геосаясий ордун жана ири державалардын аймакка болгон кызыгуусун билдирет. Жалпысынан Америка Кошмо Штаттары үчүн жаңы транспорттук коридорлорду түзүү үчүн Борбор Азиянын стратегиялык жайгашуусу жана дарамети кызыктуу. Мисалы, Америка Казакстанды логистикалык хаб, башкача айтканда Евразиянын негизги транзиттик түйүнү катары карайт. Ошондой эле, сейрек кездешүүчү металлдарды өндүрүү жана кайра иштетүү тармагындагы ишенимдүү өнөктөшү деп эсептейт, - дешет серепчилер.
Али Мухамбет, Президент алдындагы КИСИнин Америкалык жана Европалык изилдөөлөр бөлүмүнүн ага серепчиси:
- АКШ өтө маанилүү минералдардын логистикасын диверсификациялоого умтулат жана Казакстан бул жагынан АКШны 50дөн ашык маанилүү минералдардын 19у менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Анын ичинде геллий, вольфрам, кобальт жана башкалары бар. Казакстан сейрек кездешүүчү металлдарды жеткирүүнүн диверсификацияланган жана туруктуу тизмегин түзүүгө катышуу үчүн бардык алгышарттарга ээ. Демек инвестициялар жана технологиялар алмашууда өнөктөштүктү ныктоого болот.
Белгилей кетсек, «C5+1» форматындагы жолугушуулар 2015-жылдан башталган. Бирок, 2 жыл мурун гана Нью-Йорктогу саммитке президенттер катышкан. Бул жолку жыйын диалогдун 10 жылдыгына карата уюштурулган. Серепчилердин пикиринде, бул Вашингтондун Борбордук Азиянын дараметине өзгөчө көңүл буруусунун дагы бир далили.
Манарбек Кабазиев, Тышкы саясий изилдөөлөр институтунун башкарма төрагасынын орун басары:
- 10дон ашык министрлик жолугушуулар өткөрүлдү. Алар бул
форматты андан ары өнүктүрүүгө жакшы түрткү берди. Башкача айтканда, Борбор
Азиянын да, АКШнын да көптөгөн өнөктөштөрү өнөр жай өндүрүшү, суутек
технологияларын өнүктүрүү, таза энергетика жана башка кызматташтык чөйрөсүнүн
актуалдуу маселелерин талкуулашты. Мен бул форматтагы жыйындардын сергек
долбоорлору деп эсептейм.
АКШнын Мамлекеттик департаменти «C5+1» демилгесинин 10 жылдыгына арналган ишкердик конференция уюштурат. Иш-чарага министрлер, сенаторлор жана атайын өкүлдөр катышат деп күтүлүүдө. Мамлекеттик катчынын орун басары Кристофер Ландау жетектөөчү компаниялардын башчылары менен пленардык панелдик сессия өткөрөт. «C5+1» өлкөлөрүнүн жогорку даражалуу чиновниктери жана бизнес коомчулугу он жылдык кызматташтыкты сараптап, Борбордук Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы экономикалык жана маданий байланыштарды андан ары чыңдоо жолдорун талкуулашат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

