Эл аралык арбитраждык борборунун иши жөнүндө

Эл аралык арбитраждык борборунун иши жөнүндө

АЭКБ Арбитраждык борбору Евразия өлкөлөрүндө коммерциялык талаш-тартыштарды чечүү үчүн талап кылынган аянтчалардын бири. Казакстандын аймагында иштеп баштагандан бери 1200дөн ашык иш каралган. Алардын баары ийгиликтүү, анын ичинде медиация жолу менен чечилген. Бул тууралуу Эл аралык арбитраждык борборунун төрайымы Барбара Доманн Jibek Joly телеканалына берген эксклюзивдүү маегинде билдирди. Анын айтымында, 2019-жылы Эл аралык арбитраждык борборуна жана АЭКБ сотуна, дүйнөнүн каалаган жеринен онлайн режиминде кайрылууга мүмкүндүк берген «e-Justice» атайын электрондук системасы иштелип чыккан. Мындан тышкары, бул платформаны колдонуу менен процесстин жүрүшүнө көз салып, эскертүүлөрдү алып, аралыктан угууларды өткөрүүгө болот.

Барбара Доманн, Эл аралык арбитраждык борборунун төрайымы:

- Биз улуттук, трансулуттук, аймактык жана трансрегионалдык деңгээлдеги картага атыбызды киргиздик. Буга чейин өзүңүздөргө белгилүү болгондой, медиация жана арбитраж аркылуу чечилген 1212 ишти караганбыз. Арбитрлер тарабынан чыгарылган бардык чечимдер эч кандай кыйынчылыксыз аткарылды. Келишимдик төлөмдөрдүн баары өкмөттүк деңгээлде төлөнүп турду. Биз нөлдөн баштап Борбордук Азияда аймактык жана суперрегионалдык арбитраждык борборду түздүк - деп ишенимдүү айта алабыз.Арбитраждык борборду түзүүнү колдогон бул өлкөнүн жетекчилери үчүн татыктуу максат - деп ойлойм. Ал ишке ашты, 4 жыл жана бир нече айдан кийин ушул турган жерибизде болобуз - деп үмүт кылгандар аз болгондур.

Белгилей кетсек, Эл аралык арбитраждык борбор АЭКБ жарандык жана коммерциялык талаштарды чечүү үчүн соттук териштирүүгө көз карандысыз жана ыкчам альтернатива берүүгө мүмкүндүк берет. Ал каржы борборунун негизги органдарынын бири болуп саналат. Арбитраждык борбордун ишине дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн 40 көз карандысыз эл аралык арбитр катышууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков