Казакстандын транспорт-логистика тармагын өнүктүрүү

Казакстандын транспорт-логистика тармагын өнүктүрүү

Казакстандын темир жол тармагында Wabtec жана Huawei менен бирге жасалма интеллект киргизилип жатат. Бул тууралуу аталган тармактын башчысы Мажилисте өкмөттүк саатта билдирди. Марат Карабаев PSA компаниясы өлкөдөгү бажы жана транзиттик бизнес-жараяндарды санариптештирүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи. Логистиканы оптималдаштыруу үчүн «бир терезе» форматы иштейт. Автоунаа жолдору чөйрөсүндө да бардык жерде санариптик технологиялар массалык киргизилүүдө. Маселен учурда «e-Joldar» системасы иштелип жатат. Транспорт министри жакын арада өлкө жарандык жана аскердик учактарды оңдоонун аймактык борборуна айланарын белгиледи.

Марат Карабаев, Транспорт министри:

- Бүгүнкү күндө келечектүү мультимодалдык аба хабдарынын бири Актау аэропорту болуп саналат. Анын негизги артыкчылыгы-транспорттун бардык түрлөрү үчүн жеткиликтүүлүк жана Европага 3 сааттык жакын жерде жайгашуусу. Жүк авиа хабы менен катар YDA, Turkish Technic жана ASFAT түркиялык компаниялары биргеликте аэропорттун аймагында учактарды техникалык тейлөө жана окутуу борборлорун курууну пландаштырууда. Кызмат көрсөтүү борбор өзүнө Казакстандын, Орусиянын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жарандык жана аскердик учактарын камтыйт.

Ошондой эле, өлкө деңиз портторунун инфраструктурасын өркүндөтүп жатат. Ошол эле учурда Актау жүк иштетүүчү жайында Кытай компаниясы менен биргеликте контейнердик хабдын курулушу башталды. Мындан тышкары, немис, америкалык жана француз инвесторлору менен кошумча 300 миң контейнердик терминалдардын курулушу каралууда. Тышкы терминалдар дагы жаңыланууда. 2025-жылы кошумча Алят портунда, Москвада, Белорусда, Ташкентте кошумча терминалдардын курулушу башталат. Натыйжада, башка өлкөлөрдөгү ата мекендик терминалдардын кубаттуулугу 5 эсеге өсөт.

Марат Карабаев, Транспорт министри:

- 2029-жылга карата транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн эсебинен транзиттик ташуулардын олуттуу өсүшү пландаштырылууда. Атап айтканда, темир жол менен ташуулар боюнча транзиттик ташуулардын 65%га көбөйүшү, контейнердик ташуулардын 54%га көбөйүшү жана 2 млн контейнерге чейин жеткирүү болжолдонууда. Унаа транзитинин көлөмү алты эсеге өсөт. Тагыраагы 29 миллион тоннага чейин. Аба аркылуу ташуулар менен транзиттин көлөмү 2 эсеге артып, 300 миң тоннага жетет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков