Казакстан быйыл Аралды сактоо боюнча эл аралык фонддогу төрагалыгын аяктайт. Ал эми чын куран айынын 22де Астанада уюмдун негиздөөчү мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт. Иш-чарага даярдыктарды Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов фонддун башкармалыгынын мүчөлөрү менен талкуулады. Жолугушууда суу тармагында аймактык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана уюмдун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери да каралды. Сууну эсепке алууну жана башкарууну санариптештирүүнүн маанилүүлүгү да өзгөчө белгиленди. Сөз Сырдарыя жана Амударыя бассейиндеринде суу ресурстарын эсепке алуунун, мониторинг жүргүзүүнүн жана бөлүштүрүүнүн бирдиктүү автоматташтырылган системасын этабы менен киргизүү жөнүндө болуп жатат. Премьер-министр ошондой эле өлкө заманбап келишимдик-укуктук базаны түзүүгө басым жасап жатканын баса белгиледи. Өзгөчө, Казакстан Борбор Азиянын сууну пайдалануу боюнча алкактуу конвенциясын иштеп чыгууну колдойт. Документ суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу жана гидрологиялык маалымат алмашуу принциптерин бекитиши керек. Премьер-министр Касым-Жомарт Токаевдин глобалдык суу көйгөйлөрүн чечүү үчүн БУУнун структурасында Эл аралык суу уюмун түзүү боюнча сунушун эске салды. Бул аймактык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кошумча ресурстарды тартууга мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

