Казакстан менен Черногориянын президенттери сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү

Казакстан менен Черногориянын президенттери сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү

Астана бүгүн Черногориянын президентин тосуп алды. Яков Милатович Казакстанга биринчи расмий сапары менен келди. Тосуп алуу аземи Көз карандысыздык сарайында өттү. Мында эки өлкөнүн президенттери расмий делегацияларынын мүчөлөрү менен таанышып, Казакстан менен Черногориянын мамлекеттик гимндери аткарылды.


Андан соң Президенттер эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Касым-Жомарт Токаев жогорку мартабалуу конокту куттуктап жатып, бул сапардын тарыхый маанисин өзгөчө белгиледи. Бул жолугушуу эки тараптуу мамилелерге жаңы дем берет. Анткени Казакстан Черногория менен бардык багыттар боюнча тыгыз аракеттенүүгө даяр. Негизги артыкчылыктуу багыттар катары — соода, инвестиция, транспорттук байланыш, санариптик чечимдер, айыл чарбасы жана туризм тандалды. Өз кезегинде Яков Милатович да Астана менен Подгорицанын ортосундагы байланыштар жаңы деңгээлге көтөрүлүп жатканын ырастады.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


– Учурдан пайдаланып, сизди өлкөңүздүн көз карандысыздыгынын 20 жылдыгы менен куттуктайм. Ушул жылдар аралыгында биз жакшы мамилелерди орнотконубузду белгилеп кетким келет. Менин оюмча, биздин өз ара аракеттенүүбүздү жаңы мазмун менен байытуу зарыл жана буга эч кандай тоскоолдуктар жок.


Яков Милатович, Черногория Президенти:


– Бул сапар биздин байланыштарыбыз жогорку деңгээлге жетип жатканын көрсөтүп турат. Мен бул жерге дос өлкөнүн өкүлү катары келдим. Мени менен бирге Черногориянын бизнес өкүлдөрү да келишти. Эки өлкөнүн соода палаталары бизнес-форум өткөрүшөт жана бир катар меморандумдарга кол коюлат.


Черногория Казакстандын Балкан аймагындагы ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири. Эки тарап тең жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз саясий байланыштарды жүргүзүп турат. Бул өнөктөштүктү тереңдетүүгө өлкөнүн Подгорицадагы Башкы консулдугу да салым кошууда. Касым-Жомарт Токаев ошондой эле Черногориянын Астанада дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачууну сунуштады. Соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселеси боюнча Мамлекет башчысы Черногориянын ишкер чөйрөсүнө өлкөдө жагымдуу инвестициялык климат түзүлөрүн ишендирди.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


– Казакстан биздин рынокто өз катышуусун кеңейтүүгө кызыкдар болгон Черногория компанияларын кубаттайт. Биз сиздердин ишкерлериңиздер үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даярбыз.


Ошондой эле, Касым-Жомарт Токаев Черногориянын жетекчилигинин Европа Биримдигине кошулуу жолундагы конструктивдүү жана ырааттуу саясатын жогору баалады. Ал эми Яков Милатович бул платформа өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты андан ары бекемдей турганын баса белгиледи.


Яков милатович, Черногория Президенти:


– Учурда биз Европа Биримдигине кошулуу процессинин акыркы этабындабыз. Биз 2028-жылга чейин Европа Биримдигинин толук кандуу мүчөсү болууга үмүттөнөбүз, бул Казакстан менен Черногориянын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө үчүн дагы бир платформага айланат.


Тараптар ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды баса белгилеп, аны эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоонун негизги фактору деп аташты. Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн Улуттук китепканасында Абай борборунун ачылышы үчүн Черногория тарапка ыраазычылык билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекет башчылары Биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты. Сапардын жүрүшүндө бир катар документтерге да кол коюлду. Бул документтер туризм жана медиа тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн соода-экономикалык палаталарынын өз ара аракетине тиешелүү болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков