Касым-Жомарт Токаев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө
мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчылары менен жолугушуу өткөрдү.
Президент мындай жолугушуулар өзгөчө актуалдуу экенин белгиледи. Өткөн жылы
дүйнөдө аймактык жана жергиликтүү деңгээлде 180ден ашуун кагылышуу болуп,
жаңжалдардын саны 30%га жакын өскөн. Бул акыркы отуз жылдагы эң жогорку
көрсөткүч. Ал эми азыр эл аралык терроризм коркунучу күчөп баратат. Соңкусуна
татыктуу жооп кайтаруу, ошондой эле, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу
талап кылынат, деп белгиледи Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
- Мамлекеттерибиздин бүтүндүгүн бузуп жаткан терроризм,
экстремизм жана сепаратизмдин гүлдөшүнө жол берүүгө болбойт. “Үч зулум күчкө”,
ошондой эле, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, мыйзамсыз баңги аткезчилигине
жана кибер коопсуздук чакырыктарына каршы күрөшүү Казакстан ШКУга төрагалык
кылуу мезгилиндеги башкы артыкчылыктардын бири болуп эсептелет.
Президенттин
айтымында, ШКУ аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга
багытталган өз ара макулдашылган жана так кадамдардын үлгүсүн көрсөтүүгө тийиш.
Бул максатта катышуучулар терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы
аракеттенүү боюнча 2025-2027-жылдарга арналган кызматташуу программасын кабыл
алышы керек. Муну менен катар, уюмдун 2029-жылга чейинки маңзатка каршы
стратегиясын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер программасын кабыл алуу
маанилүү экенине токтолду. Ооганстанга да өзгөчө көңүл буруу керек. Президент
гуманитардык каатчылыктын алдын алуу жана узак мөөнөттүү туруктуулукту сактоо
үчүн шарттарды түзүү маанилүү деп эсептейт.
Касым-Жомарт Токаев,
Казакстан Республикасынын президенти:
- Казакстан өзүнүн
глобалдык жана аймактык өнөктөштөрү менен ачык саясий жана дипломатиялык
диалогду, конструктивдүү мамилелерди колдойт. Биз евразиялык коопсуздуктун
бүтүндүгү принцибин карманабыз. Ал өз ара түнүшүүнүн жана ишенимдин чараларына
негизделген. Мындай мамиле ШКУ мейкиндигинде коопсуздук аймагын түзүү боюнча
стратегиялык милдеттердин негизи болууга тийиш. Казакстан уюмга төрагалык
кылуунун артыкчылыктуу багыты катары дүйнөдөгү тынчтыкты жана мамлекеттердин
ынтымактуу жанаша жашоосун камсыз кылууга кошкон салымын атады. Ошондуктан биз
ШКУнун «Адилеттүү дүйнө жана ынтымактын пайдасына глобалдык биримдик тууралуу»
демилгесин биргелешип иштеп чыгууну жана кабыл алууну сунуштаганбыз.
Ошондой эле, дүйнөдө азык-түлүк, суу, транспорт жана энергетикалык
коопсуздук жаатындагы чакырыктар күч алууда. Ошондуктан, мамлекет башчысынын
айтымында, уюмдун дараметин аймактык жана эл аралык коопсуздуктун кубаттуу
куралы катары кароо зарыл. Бул максатка жетүү, тышкы коркунучтарды жоюу боюнча
иштерди координациялоо жана уюмга кирген өлкөлөрдүн улуттук коопсуздугун камсыз
кылуу үчүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуулары маанилүү роль
ойнойт. Ал эми тараптар Астанада өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун
саммитинде бир бүтүмгө келе алат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков