Казакстандын Президенти Европа Биримдиги менен стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөнү улантууда. Брюсселде Касым-Жомарт Токаев соода жана экономикалык коопсуздук боюнча Европа комиссары Марош Шефчович, Борбордук Азия боюнча ЕБнин атайын өкүлү Эдуардс Стипрайс жана Европа инвестициялык банкынын вице-президенти Марек Мора менен жолугушту. Мамлекет башчысы сапардын алкагында кол коюлган келишимдер жана меморандумдар европалык бизнестин өлкөнүн экономикасына болгон ишенимин тастыктай турганын билдирди. Марош Шефчович Президент Касым-Жомарт Токаевдин сапары Европа Биримдиги менен Казакстандын ортосундагы мамилелерде жаңы баракты ачарын айтты. Тараптар биргелешкен демилгелерди ишке ашырууну улантууну макулдашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

