Казакстандык пенсионер Парижге велосипед менен жетти

Казакстандык пенсионер Парижге велосипед менен жетти

5 миң чакырым. 33-Олимпиада оюндарында мекендештерге колдоо көрсөтүү максатында казак пенсионери эки дөңгөлөктүү унаасы менен ушундай узак аралыкты басып өтүп, Парижге жетти. Вело чабандезди Франциядагы «Салтанаттуу арка» жанында Казакстан элчигинин жамааты менен Туризм жана спорт министри, Франциянын коомдук ишмерлери салтанаттуу тосуп алышты. Маңгыстау облусунун тургуну Раббим Борашев алгач Актаудан Бакуга, андан соң кулжа айында Грузия аркылуу Түркияга барган. Андан ары Венгрияны, Австрияны жана Германияны басып өтүп, бешинчи республикага жеткен. Ошентип, Раббим Борашев Олимпиада оюндарын өз көзү менен көрүү кыялын ишке ашырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков