Казакстанда жеке документтердин маалыматтарын өзгөртүүгө болот

Казакстанда жеке документтердин маалыматтарын өзгөртүүгө  болот

Мындан ары Казакстандын жарандары аты-жөнүн жана жеке документтериндеги башка маалыматтарды онлайн режиминде өзгөртө алышат. Ошондой эле өлкөнүн жарандары үйдөн чыкпастан эле электрондук өкмөт порталында төрөлгөн, никеге туруу жана ажырашуу, бала асырап алуу, өлгөндүгү тууралуу маалыматтарды аралыктан оңдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Улуттук маалыматтык технологиялардын серепчилеринин пикири боюнча, өзгөртүүгө дуушар болгон маалыматтарды алмаштыруу үчүн негиз болгон конкреттүү маалыматты берүү зарыл. Арыз кабыл алынганын жана оңдоолор киргизилгенин eGov.kz порталынан биле аласыз. Андан кийин калкка кызмат көрсөтүү борборунан даяр документти алуу керек.

 

Олжас Стамбеков, Улуттук маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн жетекчиси:

 

Эми зарыл болсо жарандар eGov.kz порталындагы расмий иш кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизе алышат. Ал баланын туулгандыгы, атын, фамилиясын жана атасынын атын өзгөртүү, нике жана анын бузулушу, баланы асырап алуу жөнүндө маалыматтарды алмаштыра алат. Бул үчүн далилдүү негиз, кызыкдар тараптардын ортосунда талаш-тартыштардын жоктугу жана тастыктоочу документтерди бекитүү зарыл. Бул кызматтын жардамы менен сиз өзгөртүлгөн документтерди кайра чыгаруу үчүн кайрыла аласыз. Мисалы, фамилияңызды өзгөртүү үчүн калкка кызмат көрсөтүү борборуна кайрылууга туура келсе. Эми кезек күтпөй эле электрондук түрдө жасоого болот.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков