Шымкентте 17 жарандын жүрөгүнө жасалма аппарат орнотулду

Шымкентте 17 жарандын жүрөгүнө жасалма аппарат орнотулду

Шымкенттин дарыгерлери жүрөктүн согушу начарлаган бейтапка жасалма аппаратты орнотуп берди. 68 жаштагы Абдихашым Исабаевдин жүрөгү сыздап, дарты күн сайын оорлошо берген. Кордиологдор шашылыш операция жасаган бейтаптын абалы азыр жакшырып келүүдө. 

Абдихашым Исабаев, бейтап:

- Энтигип, 3 жылдан бери түнкүсүн уктай албай чыгам. Күндүз жүрө берем. Түн болду, демим жетпей калат. Азыр энтигүүм басылды. 1-2 күндө чыгарабыз деп жатат. Башка айтаарым жок. Ак халатчан жандарга, Казакстанга рахмат айтам.

Жасалма аппарат орнотуу адамдын денесиндеги кан айланууну жөнгө салат жана жүрөктүн кагышын калыбына келтирет. Аппарат атайын батареялар менен иштейт.

Багдаулет Ерлан уулу, Шымкент шаардык жүрөк борборунун VAD-программасынын координатору:

- Бул помпа канды кайрадан башка органдарга ташыйт. Кан жетпей калганда, боор жүрөк мээбиз кычкылтек жетишсиздиги дегендей жетиштүү азык ала албай калат. Ал эми бул аппарат кайра жеткирет. Эч кандай башка органдарга зыяны тийбейт.

Борбордун адистери акыркы 5 жылда жүрөк талмасына чалдыккан 17 адамга дал ушундай операция жасап, жасалма аппарат орнотушкан. Ошентип, бейтаптар жүрөк трансплантациясын күтө алат. Бул жаатта мындай операция милдеттүү социалдык медициналык камсыздандыруу системасынын эсебинен акысыз жүргүзүлөрүн белгилей кетүү керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков