Түркмөнстанда эл аралык цирк фестивалынын жеңүүчүлөрүнө сый көрсөтүлдү

Түркмөнстанда эл аралык цирк фестивалынын жеңүүчүлөрүнө сый көрсөтүлдү

Түркмөнстанда дүйнөдөгү эң беделдүү цирк өнөрү сынактарынын бири Монте - Карлодогу 47 эл аралык цирк фестивалынын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу түрдө тосуп алышты. Монакодо ат кулагында ойногон «Галкыныш» «Жаңыруу» тобу калыстарды жана көрүүчүлөрдү өзүнүн трюктары жана чеберчилиги менен таң калтырды. Натыйжада түркмөн артисттери өз сыйлыктарын Гран-При гана эмес, жаш калыстар тобунун, италиялык жана индиялык цирктердин сыйлыктары жана фестивалдын сертификаттары менен майлашты. Иш-чаранын катышуучуларын түркмөн элинин улуттук лидери, ошондой эле өлкөнүн Президенти куттуктады. Алар республикада салттуу ат спорту жигердүү өнүгүп келе жатканын белгиледи.

Сердар Пыгыев, Түркмөнстандын эмгек сиңирген жылкычысы:

- Бул тарыхый учурдун бир бөлүгү болуу мен үчүн сыймык. Биз түркмөн искусствосунун өнүгүшүнө өз салымыбызды кошуп, бүткүл дүйнөгө өз уникалдуулугубузду көрсөтө алганыбызга сыймыктанабыз. Дүйнөлүк аренадагы ар бир ийгилик - бул биздин жеке жеңишибиз гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн жеңиши. "Галкыныш" кылымдарды карыткан салт менен байланышты символдоштурат. Биздин топ байыркы ырым-жырымды заманбап жетишкендиктер менен айкалыштыруу аркылуу  цирк искусствосун сактап, өнүктүрөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков