Коомдук драма жаңсоо (жесттер) аркылуу сахналаштырылды. Спектаклди Петропавл шаарындагы угуусу чектелген балдарга арналган мектеп-интернатында түзүлгөн театр тартуулады. Белгилей кетсек, 5 жыл мурун ачылган Улуттук Дельфий комитетинин көркөм командасы ар кандай эл аралык сынактарда жеңишке жетип келет. Бул ирет да сахнанын кайталангыс өнөрү жергиликтүү коомчулук тарабынан жогору бааланды.
Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:
- Биз инклюзивдүү, тоскоолдуксуз чөйрөнү эмгек, транспорт, мамлекеттик институттар тармагында гана эмес, чыгармачылыкта да калыптандырышыбыз керек. Балдарыбыздын кандай таланттуу экенин көрүп жатабыз. Мамлекет башчысы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана өзгөчө муктаж балдарга ар дайым көңүл буруп келет. Андыктан, келечекте балдардын жана жаштардын чыгармачылыгын жогорулатууга багытталган иш-чараларды системалуу түрдө жүргүзөбүз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков