«Казакстан чет элдик ЖМК көзү менен» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Астанада 9-жыл сайын өтүүчү «Казакстан чет элдик ЖМКнын көзү менен» сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Уюштуруучулар белгилегендей, Тышкы иштер министрлиги 8 өлкөнүн журналисттери жеңүүчү болгонун аныкташкан. Эксперттик жюри Италия, Испания, Япония, Египет, Бразилия, Россия, Кыргызстан жана Азербайжандын масс-медиа өкүлдөрүнүн эмгектерин тандап алды. Жалпысынан бул жылы сынакка 80 өлкөдөн 30дан ашык арыз берилген. «Бул чет элдик басма сөздүн Казакстанга болгон кызыгуусу артып жатканын көрсөтүп турат» - дешет уюштуруучулар. Жеңүүчүлөр Астанага, Алматыга, ошондой эле Маңгыстау облусуна барып, республиканын кооз жерлери жана анын маданий-тарыхый мурастары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат. Ошондой эле сынактын лауреаттары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша алышат. Белгилей кетсек, быйылкы сынактын өнөктөшү улуттук Jibek Joly телеканалы болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков