Түркестанда кореялык «Woosong» университетинин филиалы ачылат. 70 жылдык тарыхы бар Кореялык университеттин жергиликтүү өкүлчүлүгүндө ІТ, өндүрүш жана айыл чарбасы үчүн зарыл болгон техникалык адистерди даярдоо пландалууда. Азыр курулушчулар имараттын курулушуна жигердүү киришти. Окуу жай бугу айында тапшырылып, аяк оона айында иштей баштайт. Адистер бул дүйнөнүн алдыңкы ЖОЖдорунда чек арадан өтпөстөн кош диплом программасы боюнча окууга мүмкүнчүлүк берүү менен катар, экономикалык жактан пайдалуу экендигин белгилешет.
Олжас Беркинбаев, Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси:
- Жогорку билим берүү чөйрөсү-өлкө экономикасына өтө чоң инвестиция. Жөнөкөй сөз менен айтканда, чет өлкөдөн 1000 адам окууга келсе, 1300 адам жумуш менен камсыз болот. Ошондуктан, бул өлкөнүн казынасына түшкөн каражаттардын келечектеги салымдардын жана кошумча булагы катары кароого болот.
Белгилей кетсек, чет элдик университеттердин филиалдары быйыл студенттерге 2000ден ашык грант сунуштап жатат. Быйыл Казакстанда чет өлкөдөгү алдыңкы 11 жогорку окуу жайдын өкүлчүлүгү ачылат. Алардын арасында атактуу Оксфорд да бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

